акыркы жаңылыктар

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Бийлик

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Тийиштүү мамлекеттик органдар

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Бийлик

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын алдында расмий түрдө кечирим сурады. Анын айтымында, анын Жогорку Кеңештин конституциялык милдет жана укуктарына, депуттардын беделине, жалпы элдик бийликке жана демократияга шек келтирүү укугу да, ниети да болгон эмес. “Мен эмоцияга алдырып койдум. Сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм”

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бийлик

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны  Санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берилди. Талкуунун жүрүшүндө депутатттар аймактардагы медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогоруталуу, жаңы аппараттар менен жабдуу, медициналык-социалдык эксперттик комиссияны реформалоо боюнча сунуштарын беришти. Ал

Депутат Казакстанда түрмөдө камалып жаткан кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрдү

Коом

Депутат Казакстанда түрмөдө камалып жаткан кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Казакстанда камакка алынган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрдү. Түлөбаев ишкер июнь айынан бери камакта жатат, анын тагдыры эмне болду деп өкмөттөн сурады. “Бизде омбудсмен барбы? Алар бир карап, айтып берсе, протоколдук тапшырма бериш керек”, - деди депутат. Эске салсак, июнь айында “Бишкек - Алматы”

АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

Кызыктуулар

АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын үч өлкөсү — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен соода режимин жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда. Мындай демилгени 7-сентябрда Коннектикуттун сенатору Скотт Мерфи менен Индиананын сенатору Тодд Янг көтөрүшкөнүн The Diplomat кабарлады. Басылманын маалыматына таянсак, америкалык сенаторлор Джексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу жана расмий Астана, Душанбе жана Ташкент шаарлары үчүн туруктуу

«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Бийлик

«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТПФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТПФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТПФтин жооптуу

Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет жана аны түзүү эмне үчүн пайдалуу

Кызыктуулар

Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет жана аны түзүү эмне үчүн пайдалуу

Репутация, имидж, бренд — булар адамдарга кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда укмуштуудай таасир этет. Адамдар көбүнчө эле ишенимди арттырган жана шыктандырган белгилүү компаниялардын пайдасына тандоо жасашат. Reputation Institute тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөдө компаниянын репутациясынын 50%ы анын лидеринин аброюнан турарын көрсөткөн. Топ-менеджердин жеке бренди компаниянын жалпы брендине жана ошондой эле

Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Гранттар жана кредиттер

Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министринин тапшырмасы менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери менен жеринде жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырды. Долбоордун алкагында мамлекеттен түшкөн каражатты бизнесмендер кантип

Баткен облусуна бөлүнгөн 1.5 млрд сом өздөштүрүлгөн жок – минкаб

Экономика

Баткен облусуна бөлүнгөн 1.5 млрд сом өздөштүрүлгөн жок – минкаб

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Баткен облусунун статусу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чыңгыз Ажыбаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик

«Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды

Бийлик

«Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды

«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шилтеме менен жазып чыкты. Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата

ИПД 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү

Экономика

ИПД 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3.3%га жогорулды жана 677 млрд ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу

Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Бийлик

Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкулдөрүнүн катышуусунда экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу