Коом
Октябрь районунда эт бааларына рейд өткөрүлдү
Кечээ Бишкек шаарынын Октябрь районунда эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын, мэриянын муниципалдык инспекциясынын, Октябрь РИИБинин жана №403 МАБдын кызматкерлери катышты. Рейддин алкагында "Орто-Сай" базарындагы сатуучуларга социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби түшүндүрүлдү. Сөөктүү