Банктар
Улуттук банк алдамчылык менен күрөшүү чараларын күчөтөт
Улуттук банк төлөм системаларындагы алдамчылык менен күрөшүү чараларын күчөтүп жатканын кабарлады. Банк башкармалыгы токтому менен 2025-жылдын 31-октябрында Кыргызстандын төлөм мекемелеринде жана төлөм системаларынын операторлорундагы антифрод системаларына минималдык талаптар жөнүндө жобо бекитилген. Документ КРнын “Улуттук банк жөнүндө” мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”