Энергетика министрлиги өлкөдө майнинг компаниялардын иши токтотулганын билдирди

Энергетика министрлиги өлкөдө майнинг компаниялардын иши токтотулганын билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. 

Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал кылып буларды кошумчалады.

“Бизде “Камбар-Ата-2” ГЭСинде жана “Быстровкада” эки майнинг ферма бар. Мен майнинг фермалар ишин токтотконун жоопкерчилик менен айтам. Эгерде ишенбесеңер журналисттерди да жиберсеңер болот”, - деди ал.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн билдирип келет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты