акыркы жаңылыктар

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Ozon маркетплейсинин бет ачары өтөт

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Ozon маркетплейсинин бет ачары өтөт

14-апрелде саат 10:30да Бишкек шаарында Ozon аталган эң ири россиялык маркетплейстердин биринин практикалык конференция-презентациясы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, презентациянын алкагында кыргызстандык ишкерлерге өлкөдөгү онлайн-базарларды өнүктүрүү боюнча алдыда боло турган иш-чаралар, ошондой эле өз товарларыңды Ozon соода аянтчасына алып чыгуу жана кызматташуунун башка

Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Экономика

Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Бишкекте батирлерди ижарага алуунун орточо айлык баасы март айында төмөндөй баштаган. Мындай маалыматты Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы House.kg кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү онлайн-платформасынын аналитиктери билдирди. 2022-жылы бир катар факторлор Бишкек шаарында ижара акысынын олуттуу өсүшүнө алып келген. House.kg сайтынын аналитика бөлүмүнүн маалыматы боюнча, алардын эң негизгилери:

Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Быйылкы жылдын февраль айында мигранттар Кыргызстанга $151.4 млн которгон. Жыл башына салыштырмалуу мигранттардан түшкөн каражаттын агымы көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу олуттуу азайган. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген. Ошентип, бул жылдын январь айына салыштырмалуу мигранттар Кыргызстанга дээрлик 3.5% га көп акча которгон.

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластмассаны кайра иштетүүчү завод курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Фонддон билдиришкендей, ишкана жакынкы күндөрү ишин баштайт. Курулушка 20 млн сом бөлүнгөн. Каражат 2022-жылы жеке компанияга түшкөн. Ишкана буга чейин 30 жумушчуну кабыл алган, алардын орточо айлык акысы 25 миң сомду түзөт. Завод суткасына эки тоннага

Microsoft Борбордук Азиядагы хабы үчүн Казакстанды тандады

Microsoft Борбордук Азиядагы хабы үчүн Казакстанды тандады

Microsoft Казакстанда мультирегиондук хаб (борбор) ачууну чечти. Тиешелүү макулдашуулар Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин менен Microsoft компаниясынын Казакстан боюнча башкы директору Сергей Лещенко менен болгон жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу Казакстандын санарип агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, хабдын ишмердүүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүн, Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия жана Пакистанды камтыйт. Майкрософттун Казакстанды

Бишкектин мэриясы чыгыш багытында каттаган таксилердин баарын Батыш автобекетинен Чыгыш автобекетине өткөрөт

Бишкектин мэриясы чыгыш багытында каттаган таксилердин баарын Батыш автобекетинен Чыгыш автобекетине өткөрөт

Борбор шаардын мэриясы чыгыш багытында каттаган шаарлар аралык жүргүнчү ташуучу таксилерди Батыш автобекетинен Чыгыш автовокзалына өткөрүүнү көздөөдө. Бул шаардагы коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылын иретке келтирүү жана Батыш автобекетинин айланасындагы башаламан токтоону жоюу максатында жасалып жатканын мэрия түшүндүрдү. Ошентип, чыгыш багытында: Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кеминге ж.б. жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон төлөнөт. Акчаны Кыргызстанда жашаган 68 согуш ардагери алат. Бир жолку төлөм боюнча тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду. Президенттик аппараттын кабарына ылайык, мындай чечим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк-тарыхый маанисин, ошондой эле улуу жеңиштин 78 жылдыгын

Кыргызстанда санариптик продукт жана кызматтардын экспорту киши башына 4 долларга жетти – бул Борбордук Азиядагы эң жакшы көрсөткүч

Экономика

Кыргызстанда санариптик продукт жана кызматтардын экспорту киши башына 4 долларга жетти – бул Борбордук Азиядагы эң жакшы көрсөткүч

Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча санариптик кызматтардын жана продукттардын экспорту калктын киши башына карата 300 сомдон ($4) бир аз ашкан. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Strateg East уюмунун «Алыстан миллиард табуу: Борбордук Азиядан IT-экспорт жана анын өсүү стратегиялары» аталган отчетунда айтылат. Бул маалыматты эксперттер бүткүл аймактын

«Шоро» ӨКӨФ эсебинен лизингге 20 унаа сатып алат

«Шоро» ӨКӨФ эсебинен лизингге 20 унаа сатып алат

6-апрелде Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду (ӨКӨФ) менен «Шоро» компаниясы финансылык аренда келишимине кол коюшту. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Келишимдин алкагында Самарканд автозаводу чыгарган 20 даана Isuzu маркасындагы орто жүк ташуучу унаалар алынат. Автоунааларды сатып алуу «Шоро» компаниясынын автопаркын модернизациялоого өбөлгө түзөт. Техника компаниянын өндүрүш процессинде колдонулмакчы. Ошондой

Екатеринбургдан Бишкекке поезд каттамы, Ысык-Көлгө аба каттамы ачылышы мүмкүн

Екатеринбургдан Бишкекке поезд каттамы, Ысык-Көлгө аба каттамы ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россиянын Свердлов облусу түз темир жол каттамын жаңыртуу, ошондой эле Екатеринбург менен Кыргызстан шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Бул тууралуу Свердлов районунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлиги билдирди. Маалым болгондой, аба жана темир жол байланышы боюнча маселени Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты

ӨКӨФ «Би Такси» компаниясына 56 автоунаа сатып алууга кредит берет

ӨКӨФ «Би Такси» компаниясына 56 автоунаа сатып алууга кредит берет

6-апрелде Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду (ӨКӨФ) менен «Би Такси» ишканасы өз автопаркын жаңылоо боюнча кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. ӨКӨФ тарабынан бөлүнгөн каражатка транспорттук компания UzAuto Motors чыгарган Chevrolet Cobalt маркасындагы 56 автоунаа сатып алат. Бул долбоор элүүдөн ашык жаңы жумуш орунун түзүп, ошондой

Эмгек министрлиги жарандарды Венгрияга жумушка жөнөтүүгө кызыкдар

Экономика

Эмгек министрлиги жарандарды Венгрияга жумушка жөнөтүүгө кызыкдар

Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды Венгрияга иштөөгө жөнөтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев 3-апрелде Венгриянын Кыргызстандагы атайын элчиси Шандор Дороги менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт мекеменин маалымат кызматы. Элчинин айтымында, Венгрияда жумушчу күч жетишпейт жана дээрлик 100 миң бош жумуш оруну бар. Багыттар ар түрдүү: курулуш чөйрөсү, медицина, өнөр жай