Саясат
Президент Азербайжанга келди – делегациянын курамы
Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда, БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: · тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; · президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; · Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмонали