Министрлер кабинети 2022-жылы жаман иштеген жок - Акылбек Жапаров
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны ушул сааттарда өтүүдө. Жыйында баяндама жасаган минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Садыр Жапаров баштаган минкаб бул жылы жаман иштеген жок деген пикирин билдирди. “Мен муну 1992-жылдан бери саясатта жүргөн тажрыйбама таянып айтып жатамын. Өкмөттө жөнөкөй кызматкерден биринчи вице-премьерге чейин