Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик портфели 327 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында депозиттердин көлөмү 95.1 млрд сомго көбөйгөнү тууралуу КР Улуттук банкынын маалыматтарында айтылат. Портфелдин басымдуу бөлүгү улуттук валютага туура келип, ал 173.1 млрд сомду түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрга чейин өсүш 38.6 млрд сомго