Эми ар бир салык төлөөчүнүн паспорту болот - бүт маалыматтар камтылат
Мамлекеттик салык кызматы “Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – “Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)” долбоорун ишке киргизгенин билдирди. “Салык төлөөчүнүн паспорту” – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы. Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде,