акыркы жаңылыктар

Баткенде 20 млн сомго табигый таштан жол жана тротуар курулат

Баткенде 20 млн сомго табигый таштан жол жана тротуар курулат

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылында табигый таштан жол жана тротуарлар курулат. Долбоордун баасы 19.5 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бул долбоордун тапшырыкчысы КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасы, подрядчы «Жалалабат АБЗ» ААКсы (асфальт-бетон заводу) саналат.

Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек

Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек

Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын ишкерлери мамлекеттен жылына 1% менен жеңилдетилген насыя ала алышат, бирок насыя алуу үчүн күрөө керектелет. Жеңилдетилген насыялар бериле тургандыгы тууралуу 15-декабрда Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү маселеси боюнча жеринде өткөн жыйында айтылганын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошто 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Ошто 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Ош облусунун Ноокат районунда 200 млн долларлык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги билдирди. Кытайлык инвесторлор менен биргеликте Ноокат районундагы 100 гектар жерге жер семирткич чыгаруучу завод куруу долбоору иштелип чыккан. Кечээ, 15-декабрда курулуш иштерине даярдыктар башталды. Долбоордун жалпы баасы 200 млн долларды түзөт.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору алмашты

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору алмашты

Талантбек Иманакун уулу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 38 жаштагы Талантбек Иманакун уулу 2009-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызмат системасында эмгектенген. 2020-жылдан 2021-жылга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча аймактар аралык

Кыргызстан экологияны жакшыртууга Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алат

Кыргызстан экологияны жакшыртууга Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алат

Финансы министрлиги Кыргызстан экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар сурап жатканын билдирди. Министрликтин берген маалыматына таянсак, КРдагы абанын сапатын жакшыртуу жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу, ошондой эле жашылдандыруу максатында, экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк Банк менен Сапатты жакшыртуу долбооруна 50 млн

Бишкектеги таштанды жайдагы түтүндөн арылууга 22 млн сом бөлүнөт

Бишкектеги таштанды жайдагы түтүндөн арылууга 22 млн сом бөлүнөт

Бишкектин таштанды таштоочу жайындагы түтүн менен күрөшүүгө шаардык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Абдыкадыровдун айтымында, бул каражатка таштанды таштоочу жайдын айланасына бетон плиталары орнотулат. Бул анын аймагын жакынкы турак жай массивдеринин жашоочуларынан тосууга мүмкүндүк берет. «Ошондой эле ал жерге

Кыргызстандын топоздору Азербайжанга жеткирилди

Кыргызстандын топоздору Азербайжанга жеткирилди

Кыргызстандан Азербайжанга 99 баш топоз жөнөтүлдү. Алардын базасында эт чарбасы түзүлөт. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлиги билдирди. Азербайжанга асыл тукум топоздорду жөнөтүү боюнча макулдашуу КРнын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга 2022-жылдын 19-20-апрелинде болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин колдоосунда “Сактан” айыл чарба кооперативи менен “Агросервис” акционердик коомунун

Быйыл мейманкана жана ресторан кызматтары дээрлик 19%га өстү - өткөн жылдан 2%га жогору

Быйыл мейманкана жана ресторан кызматтары дээрлик 19%га өстү - өткөн жылдан 2%га жогору

2022-жылы мейманкана жана ресторан кызматтары 18.9%га өстү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсү деп аталган маалыматында айтылат. Ал эми 2021-жылдын январь-ноябрында аталган сектордогу кызмат 16.8%га өскөн. Бул жылы 2%га көп болгону Россиялыктардын келиши жана туризм менен шартталган. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2022-жылдын январь-ноябрында реалдуу өсүш

«Кошой» заводу 80 жылдык юбилейине карата 9 тонна кумшекерди бекер таратты

«Кошой» заводу 80 жылдык юбилейине карата 9 тонна кумшекерди бекер таратты

Бүгүн, 15-декабрда, «Кошой» ААК заводу 80 жылдык юбилейине карата Чүй облусунун Шопоков шаарынын жана Сокулук районунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам акциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу органы билдирди. Акциянын алкагында бир адамга 10 кг кумшекер берилет. Жалпысынан 9 тоннадан ашык таратылат. Белгилей кетсек, «Кошой» ААК

Акылбек Жапаров Евробиримдиктин өкүлүнөн виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Акылбек Жапаров Евробиримдиктин өкүлүнөн виза режимин жеңилдетүүнү суранды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КРдагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.  Жапаров кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Россия КРдан келген мигранттардын жүрүү шарттарын жөнөкөйлөтөт – өлкөдөн чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүгө болот

Россия КРдан келген мигранттардын жүрүү шарттарын жөнөкөйлөтөт – өлкөдөн чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүгө болот

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында ЕАЭБден келген мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсү жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул протоколду РФнын Мамлекеттик Думасы 13-декабрдагы пленардык жыйынында ратификациялаганын «Парламенттик гезит» жазып чыкты. Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Дмитрий Волвачтын айтымында, протоколдо 137 түзөтүү камтылган. «Биринчиден, ЕАЭБге кирген эмгек мигранттарыны

МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду

МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (МЖӨ) 2022-жылы 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. «Буга чейин биздин долбоордук портфелибиз 32 долбоор болсо, 2022-жылдын аягына карата 56 долбоорду түздү. 2022-жылы тартылган инвестициянын жалпы суммасы 30 млрд сомдон ашык сумманы түзүп,