Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда ишин баштады
Эл аралык валюта фондунун миссиясы (ЭВФ) Кыргызстанда ишин баштады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Эл аралык Валюта Фондунун Николоз Гигинеишвили башында турган миссиясы 9-ноябрдан 22-ноябрга чейин КРда расмий иш сапар менен болот. ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты – ЭВФ макулдашуусунун IV статьясына ылайык, КР үчүн консультацияларды өткөрүү болуп саналат.