Түндүк-Түштүк жолунун үчүнчү бөлүгүн быйыл бүтүрүү пландалууда
Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүндөгү куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул бөлүккө караштуу бүт тилкеге асфальт-бетон төшөлүп, быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда «Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун реконструкциялоо, III фаза, 159-183-чакырымдары (Дыйкан – Кызыл-Жылдыз)» долбоорунун алкагында 13 чакырымдык жолго асфальт-бетон төшөлүп, 44 суу өткөргүч коюлду.