2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат
2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык декларациясы үч этап менен киргизилүүдө. “Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун алгачкы