акыркы жаңылыктар

Чолпон-Атадагы 5.1 млн евролук долбоорду «Суу-Канал» ишканасы ишке ашырууда – суу түтүктөрүн оңдойт

Чолпон-Атадагы 5.1 млн евролук долбоорду «Суу-Канал» ишканасы ишке ашырууда – суу түтүктөрүн оңдойт

«Суу-Канал» ишканасы Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү  банкынын «Чолпон-Ата шаарындагы суу түтүктѳр системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында курулуш иштерин алып барууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында аткарылып жаткан таза суу системасын жаңылоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. «Жалпысынан долбоорго

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бак курат

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бак курат

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат. Аны Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылайт.

15-майдан тартып маркаланган продукцияны, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттүү

15-майдан тартып маркаланган продукцияны, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттүү

Маркаланган продукцияны, мунайды жана мунай заттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2022-жылдын 15-майынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында катталууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагазды колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу МСКдан билдиришти. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары ЭТТК маалыматтык системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат. * Белгилей кетсек, ЭТТК

Акылбек Жапаров мугалимдер менен врачтардын айлыгын жыл сайын 20% көтөрүп турууну убада кылды

Акылбек Жапаров мугалимдер менен врачтардын айлыгын жыл сайын 20% көтөрүп турууну убада кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди. «Буйруса быйыл 1-июндан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын

Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок – «Кумтөр» тараган маалыматты четке какты

Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок – «Кумтөр» тараган маалыматты четке какты

«Кумтөр» кенинин маалымат кызматы жумушчулардын иш таштоо тууралуу маалыматын четке кагып, абал тынч экенин жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. «Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана «Кумтөрдүн» жумушун таштоого ниеттенип жатат делинген кызматкерлери менен жолугушуусу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо

«Кайыңды-Кант» «Демир Банктан» 3.5 млн доллар кредит алат

«Кайыңды-Кант» «Демир Банктан» 3.5 млн доллар кредит алат

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен «Кайыңды-Кант» кант заводу 3.5 млн долларга кезектеги банктык кредит келишимине кол коюшту. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) сайтында жарыяланды. Бул келишимге ушул жылдын 10-майында кол коюлган жана анын мөөнөтү 6 ай. Насыянын үстөк пайызы жылына 7.5%ды түзөт. Эске салсак,

1-июлдан тартып Ысык-Көлдүн жашоочуларына пляж аймактарына кирүү укугу берилет

1-июлдан тартып Ысык-Көлдүн жашоочуларына пляж аймактарына кирүү укугу берилет

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан көптөгөн курорттук-рекреациялык объекттер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж

Ширшовдун келиши менен «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине өттү

Ширшовдун келиши менен «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине өттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун ордуна «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААКсынын акционери болду. Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын бул ишканалардын акционерлерине берүү жөнүндө чечимди минкабдын 10-майдагы токтомуна ылайык, министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл алды. Буга

«Чакан ГЭС» ААК 5.2 млн сом таза кирешесинен 25% мамлекетке төлөйт

«Чакан ГЭС» ААК 5.2 млн сом таза кирешесинен 25% мамлекетке төлөйт

«Чакан ГЭС» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) 2021-жылы 5.2 млн сом таза киреше алды. Мындай маалымат компаниянын финансылык отчетунда айтылды. Былтыркы жылдын кирешеси акционерлердин 29-апрелдеги чечими менен экиге бөлүнөт. Кирешенин 75%ы (3.9 млн сом) ишкананын өзүн өнүктүрүүгө калат. Калган 25% (1.3 млн сом) акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат,

Июнь айында «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Каттоо башталды

Июнь айында «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Каттоо башталды

13-июнда Бишкекте «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө бизнес-форумдун алдында атайын Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши түзүлгөнү, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү кадам болуп, кийин бизнес өкүлдөрдүн өз ара туруктуу аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болоору айтылат. «Германия экономикасынын күндөрү»

169.3 млн сом тез жардам унааларын сатып алууга  бөлүндү

169.3 млн сом тез жардам унааларын сатып алууга бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169.3 млн сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169.3 млн 347 миң сом акча каражаты бөлүнөт. Бул бюджеттик каражаттар «Акылдуу шаар»

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүү акы төлөнө турган болот

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүү акы төлөнө турган болот

Курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы узундугу 3890 метрлик тоннелди жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүүнү акы төлөнө турган кылуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы курулуштарды бүтүрүп, толук ачууга али 1.5-2 жыл бар болгондуктан, азырынча жол акынын суммасы конкреттүү коюла электигин жана төлөм кандай