акыркы жаңылыктар

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8.7% азайды жана 1.6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. 2021-жылы республиканын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүшкөн. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9.1% кыскарды жана 1.3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. «Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 218 млн 217 миң сом КРнын бюджетине салыктарды жана Социалдык фондго каражат чегерген. «Анын ичинен 2021-жылы компания казынаны 1 млрд

ОКӨФ томат пастасын өндүргөн ишкананы насыялайт

ОКӨФ томат пастасын өндүргөн ишкананы насыялайт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) томат пастасын өндүрүүнү кеңейтүүгө каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Долбоорду «Кооппромсервис» өндүрүштүк бирикмеси» ЖЧК ишке ашырууда. «Кургак заттын курамы 30-32% болгон концентраттык томат пастасын өндүрүү ишке киргизилет. Кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. ОКӨФ КРнын президенти тарабынан экономиканы модернизациялоо жана чыңдоо боюнча

180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар

180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар

2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө

Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады

Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик орган нефтетрейдерлер менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзгөндөн кийин күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) баасынын төмөндөө тенденциясы башталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Бүгүнкү күндө 18-апрелге салыштырмалуу КММнын литринин баасы 1.6 сомго чейин арзандады», – деп айтылат маалыматта. Red Petroleum тармагында дизель майы 1.6 сомго,

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы апрель айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5.3 млрд сом салык төлөсө, анын 2.9 млрд сому алтынды саткан кирешеден түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат. Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 313 млн

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди. Президент кечээ дагы бир Жарлыкка кол койгонун айтты. «Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение)

Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагындагы кенден чыккан алтындын 30%на мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиевдин айтымында, кен иштеткен компаниялар салык төлөшөт, фонддорду түзүшөт, соцжардамдарды беришет, бирок мамлекетке алтын калбай жатат. «Биринчиси, аукцион өтөбү, конкурс өтөбү, алтындын 30% Кыргызстанга калсын деп жатабыз.

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен алдын ала каржылоого макулдашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун алкагында «Чакан ГЭС» ААК курамындагы гидроэлектростанцияларды: Лебединовка ГЭСи, ГЭС-1, ГЭС-2 жана кичи Аламедин ГЭСин модернизациялоо макулдашылган. Ошону менен бирге, макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеме түзүү каралган. «Долбоорго ЕРӨБдөн болжолдуу түрдө

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламентте өткөн жыйында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов ГЭСти ишке киргизүү

ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди

ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-апрелдеги жыйынында Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кулубаевдин талапкерлигин 71 депутат бир добуштан колдоду.  Талкууда депуаттар Жүк-200дү жеткирүүнү жеңилдетүү, «кара тизмедеги» мигранттар, авиакаттамдар, инвестиция тартуу жана чек арага байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Белгилей кетсек, 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында