
Бийлик
Коррупцияга шектелген “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчилери кармалды
Талас электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери электр энергиясынын жетишсиздигине карабастан, жеке коммерциялык абоненттер менен алдын ала сүйлөшүп, узак убакыт бою алардын электр энергияга болгон карыздарын мамлекеттик органдарга кошумча ойдон чыгарылган