Коом
Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра жетектеди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин