акыркы жаңылыктар

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

Транспорт

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1350 метрди түзөт. Иштердин жүрүшүндө жол сапатын жакшыртуу жана анын кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн "ресайклер" аттуу жаңы технология колдонулууда.

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Коом

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

Коом

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

1-апрелден тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоого лимиттер "Электрондук балык уулоо системасына" киргизилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири

Кыргызстанда балдарды мектептерге электрондук каттоо башталды

Саясат

Кыргызстанда балдарды мектептерге электрондук каттоо башталды

Биринчи этаптагы каттоо 1-апрелде саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата республика боюнча 15 626 бала катталган. Анын ичинен: * Бишкек шаарында — 4478 * Ош облусунда — 2630 * Жалал-Абад облусунда — 2505 * Баткен облусунда — 1641 * Чүй облусунда — 1582 * Ысык-Көл облусунда — 1104 * Нарын облусунда — 641 * Талас облусунда — 535 * Ош шаарында — 510

Чүй–Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды

Коом

Чүй–Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган объектти демонтаждады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотушкан. Бул объект буга чейин да демонтаждалган, бирок кийин кайра орнотулган. Акыркы демонтаждан кийин конструкциялар алынып,

Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат

Саясат

Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат

Мамлекет башчысынын демилгеси менен Кыргызстанда “Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор аркылуу жарандар акысыз билим алып, жогорку квалификациялуу IT адиси болуп чыгышат жана көрүнүктүү компанияларга ишке орношо алышат.  Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов "Кабар" агенттигине билдиришинче, “Мектеп

Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Транспорт

Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкек шаарында 1-апрелден тарта Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки чыгыш бөлүгү автотранспорт кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Чектөө канализациялык коллектор жайгашкан аймактагы жолду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилди. Учурда нымдалган топуракты алмаштыруу, шагыл-кум аралашмасы менен негизди бекемдөө жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Белгиленгендей, буга

Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоо пландалып жатат

Транспорт

Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоо пландалып жатат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Арал — Төө-Ашуу жолунун курулушун баштоону пландап жатканын министрликтин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков "ЭлТР" телеканалына берген комментарийинде билдирди. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп,

Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Коом

Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү

Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады. Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес. Сот

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Транспорт

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө сатып алынышы пландалган автобустарга коюлган техникалык мүнөздөмөлөр жана талаптар сунушталды. Жалпысынан 625 чакан көлөмдөгү автобус сатып алуу каралууда. Алар тар көчөлөрү бар турак жай конуштарын тейлөө

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

Саясат

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

Жогорку Кеңеште "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нуржамал Төрөбекова тааныштырды. Мыйзам долбоору анын жоболорун Кыргыз

Түндүк-Түштүк унаа жолунун коргоочу курулмалары 2 жыл ичинде бүткөрүлөт

Транспорт

Түндүк-Түштүк унаа жолунун коргоочу курулмалары 2 жыл ичинде бүткөрүлөт

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу кийинки бир нече жылда чектелген режим менен иштейт. Автожолдо унаа кыймылы үчүн июнь айынан ноябрь айына чейин уруксат берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков "Кабар" маалымат агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди. Адистин айтымында, бул график 2027-2028-