акыркы жаңылыктар

Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

Энергетика

Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү 1 млрд 880,4 млн кВт/саатты түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде белгилүү болду. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь айында өлкөдө 2 млрд 9,4 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 129 млн кВт/

Бишкекте 1,8 млн сом алдоого шектелген жаран кармалды

Коом

Бишкекте 1,8 млн сом алдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын тургунунан 1,8 млн сом алдоо жолу менен алынган деп шектелген адам кармалганын 16-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 1-февралда өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдарга 1 млн 888 миң сом которуп берген.

Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Коом

Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Мал уурдоонун алдын алуу максатында 14-мартта түнкү саат 02:00дө Бишкек шаарындагы эт базарларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери катышты. Мониторингдин алкагында 4 мобилдик

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Коом

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департамент жетекчилери менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Калыс-Ордо конушунда салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча билим берүү мекемеси жертөлөсү менен эки кабаттуу болуп салынып, 650 окуучуга ылайыкталат. Жаңы мектепте кең

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Коом

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин  тизмесин бекитүүнү сунуштады

Экономика

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилүүчү полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ полимер пакеттеринин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча айрым пластик

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Экономика

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенерин Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат. Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Коом

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Экономика

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Бишкек мэриясы "Энесай" жана "Дордой" турак жай массивдеринин ортосунда парк уюштурууну пландап жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Ал буларды депутат Табылды Муратбековдун эки турак жай массивинин ортосундагы

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Кыймылсыз мүлк

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы эки парк реконструкцияланарын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, реконструкциялана турган парктар — Тоголок Молдо жана Эркиндик парктары. "Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары да реконструкцияланат. Шаарда

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтар массивинин кармоочуларынын реестринде 27 652 уюм катталган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 2 906сы — мамлекеттик уюмдар, ал эми

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун  негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул чечим мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук кесепеттерди баалоо, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын пикирлерин эске алуу максатында кабыл