Бийлик
Бишкектин Ленин районунда жаңы аким дайындалды
Борбор калаанын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Аким «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.