Бишкектин МАБ башчылары арасында ротация жүргүзүлдү

Бишкектин МАБ башчылары арасында ротация жүргүзүлдү
Photo by vigor poodo / Unsplash

Бишкектин Октябрь акимиатында МАБ жетекчилерине ротация жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ротация муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана МАБ  начальниктеринин дараметин туура пайдалануу максатында өткөрүлдү:

• № 7 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Чыңгыз Турсалиев ротациялоо тартибинде № 10 МАБдын бош орун кызматына дайындалды;

• № 6 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Руслан Жапаркулов № 8 МАБдын начальник кызматына ротацияланды;

• № 8 МАБдын начальнигинин кызматын аркалап келген Жолдошбек Абдыкалыков № 7 МАБдын начальниги болуп дайындалды;

• № 6 МАБдын начальнигинин орун басары кызматын аркалап келген Руслан Артыков № 6 МАБдын начальниги кызматына дайындалды;

• Октябрь администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген Самат Сатыгулов № 6 МАБдын начальнигинин орун басарлыгына дайындалды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды