Саясат
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол тилкесинде туннелдер курулуп жатат
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Тош-Кутчу жерлигиндеги "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. МинКаб башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып беришти. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору "Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад" (304,94 км) маршруту боюнча