Бийлик

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Бийлик

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Тийиштүү мамлекеттик органдар

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Бийлик

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын алдында расмий түрдө кечирим сурады. Анын айтымында, анын Жогорку Кеңештин конституциялык милдет жана укуктарына, депуттардын беделине, жалпы элдик бийликке жана демократияга шек келтирүү укугу да, ниети да болгон эмес. “Мен эмоцияга алдырып койдум. Сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм”

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бийлик

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны  Санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берилди. Талкуунун жүрүшүндө депутатттар аймактардагы медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогоруталуу, жаңы аппараттар менен жабдуу, медициналык-социалдык эксперттик комиссияны реформалоо боюнча сунуштарын беришти. Ал

«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Бийлик

«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТПФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТПФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТПФтин жооптуу

«Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды

Бийлик

«Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды

«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шилтеме менен жазып чыкты. Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата

Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Бийлик

Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкулдөрүнүн катышуусунда экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу

Бул  кайдан түшкөн хан? – депутат кайрадан Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды

Бийлик

Бул кайдан түшкөн хан? – депутат кайрадан Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды. Анын айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмаштырылды. Бирок, Байсалов ээлеген кызматында калганына ал нааразы. «Билим берүү министрин башка инопланетянды, Юпитерден алып келип койсоңор

Жумгалда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Бийлик

Жумгалда УКМКнын жаңы имараты ачылды

2023-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын Жумгал райондук бөлүмүнүн имараты ачылды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган. Мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана

Карганбек Самаковдун уулу ЖК депутатынын мандатына ээ болуусу мүмкүн

Бийлик

Карганбек Самаковдун уулу ЖК депутатынын мандатына ээ болуусу мүмкүн

2023-жылдын 10-сентябрында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоосу өттү. Шайлоо системасынын маалыматына ылайык, алдын ала биринчи орунга Кубанычбек Самаков чыкты. 26.17% добуштарга ээ болду. Андан кийин Русланбек Тагаев (19%) жана Алмаз уулу Аскар (13%) 2 жана 3 орунду ээлешти. Эске салсак, Кубанычбек Самаков

Инвестициялык агенттиктин экс-директору «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Бийлик

Инвестициялык агенттиктин экс-директору «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Инвестициялык агенттиктин мурдагы директору Умбриэль Темиралиев Бишкек ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бир күн мурун президент Садыр Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Темиралиевди Инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан бошоткон. Мекеменин жаңы жетекчиси болуп буга чейин санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Талантбек Иманов дайындалды.

Шергазы Мурзахмедов Түп районунун акими болуп дайындалды

Бийлик

Шергазы Мурзахмедов Түп районунун акими болуп дайындалды

Шергазы Мурзахмедов Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Санариптик өнүктүрүү экс-министри Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Бийлик

Санариптик өнүктүрүү экс-министри Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Ошондой эле Умбриэль Темиралиев агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Эске салсак, Нурия Кутнаева КР санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.