Бийлик

Быйыл минкаб 250 миң жумушчу орун түзүүнү көздөөдө — Акылбек Жапаров

Бийлик

Быйыл минкаб 250 миң жумушчу орун түзүүнү көздөөдө — Акылбек Жапаров

Минкаб Кыргызстанда жакынкы келечекте 250 миңден кем эмес жумушчу орундарын түзүшү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен болгон жолугушууда билдирди. "Жаңы өндүрүштөрдү түзүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жаңы тоо-кен долбоорлорун ачуу, темир жол жана ири гидроэнергетикалык объектилердин курулушун баштоо 2024-жылга белгиленген тапшырмаларды жана максаттарды ишке

Быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат — Бакыт Төрөбаев

Бийлик

Быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат — Бакыт Төрөбаев

Минкабдын төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө  көңүл буруларын билдирди.  Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын болуп өткөн. Ал кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун аз

Минкаб мыйзамсыз мүлктөрдү легалдаштыруу процедурасын жөнөкөйлөттү

Бийлик

Минкаб мыйзамсыз мүлктөрдү легалдаштыруу процедурасын жөнөкөйлөттү

Министрлер кабинети мыйзамсыз мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү үчүн атайын декларацияны толтуруунун жаңы тартибин киргизди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Активдер жөнүндө атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамында болот жана мүлкүн легалдаштырууну каалаган декларантка берилет. Декларацияны алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет: декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ; мамлекеттик алымдын

Айыл чарба министрлиги көчөт жана үрөн импортун катуу көзөмөлгө алат

Бийлик

Айыл чарба министрлиги көчөт жана үрөн импортун катуу көзөмөлгө алат

Айыл чарба министрлиги 10-январдан тарта Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө өлкөнүн чек арасындагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөлүн күчөтөт. Кыргызстандагы 29 фитосанитардык контролдоо пунктарында импорттолунуп жаткан мөмөлүү бак дарактардын, малина, карагат жана башка мөмөлү бадалдардын көчөттөрүн, калемчелердин, процедуралык иш-кагаздарын кароо учурунда кошумча документтер талап кылынат. Талап кылынуучу документтердин

Өкмөт мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун отчетун укту

Бийлик

Өкмөт мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун отчетун укту

Министрлер кабинети мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетун укту. Минкаб тактагандай, «Манас» ААКтын маалыматы боюнча, 2023-жылга капиталдык салымдардын көлөмү 5 млрд сомду түздү. Мындан тышкары 7 жаңы каттам ачылып, бардык аймактык аэропортторду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул докладды уккан соң министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын авиациясын

Депутаттар Бакыт Төрөбаевди айыл чарба министри кызматына дайындоого макулдугун беришти

Бийлик

Депутаттар Бакыт Төрөбаевди айыл чарба министри кызматына дайындоого макулдугун беришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдугун беришти. Эске салсак, 2023-жылдын 25-декабрында айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков ээлеген кызматынан бошотулган.

Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Бийлик

Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Талас облусунун Бекмолдо а/а жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Ал 4 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдириди. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Ушул жылдын декабрынын башында

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Бийлик

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербургга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн  лидерлери

Минкаб санарип тармагында жыл жыйынтыгын чыгарды

Бийлик

Минкаб санарип тармагында жыл жыйынтыгын чыгарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев санарип тармагынын жетекчилери менен үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик органдарда санариптештирүү маселелерин тескеген жетекчилердин орун басарларынын кызматтары түзүлдү. Мындан тышкары, онлайн арыз берүү аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда, транспорт каражаттарын кайра

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Бийлик

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Такталгандай, Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болду. Ошондой эле Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды.

Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Бийлик

Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эске салсак, буга чейин Жыпаркулов Мамкурулуштун жетекчиси болуп келген, анын ордуна Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев дайындалган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Бийлик

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды

Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда