Бизнес
Өкмөт башчысы «Яндекс» тобунун жетекчилиги менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Яндекс» бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Минкаб башчысы «өлкөнүн салык мыйзамдары дээрлик бардык бизнести масштабдуу кылууга мүмкүндүк берет» деп белгилеп, «салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөөгө даяр инвесторлорго, өнүгүү үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.