Экономика
Samsung үч бүктөлүүчү гаджетти сатууну токтотушу мүмкүнбү?
Samsung компаниясы жакын арада үч бүктөлүүчү гаджет — Galaxy Z TriFold моделин сатуудан баш тартышы мүмкүн экенин SamMobile кореялык Donga басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады. Маалыматка ылайык, компания бул телефонду Түштүк Корея рыногуна жеткирүүнү токтотууга даярданып жатат. Жакынкы күндөрү дүкөндөргө түшүшү мүмкүн болгон смартфондордун партиясы акыркысы болуп калышы мүмкүн. Маалымат булактары