Экономика

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

Экономика

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

МинКабдын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №1022-т тескемеси менен Министрлер Кабинетинин алдындагы Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитти. Комиссиянын төрагасы болуп МинКаб Төрагасынын орун басары дайындалды. Комиссия төрагасынын орун басары — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары. Комиссиянын курамына экономика жана коммерция, юстиция, финансы, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл,

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

Экономика

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын 11 айында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 18,1%га

11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Экономика

11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн өнөр жай ишканалары тарабынан 686 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га жогору болду. Бул тууралуу расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19,

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

Экономика

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158 электрондук виза таризделген.

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда. Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Бийлик

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Бүгүн, 17-декабрда Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн экономикалык өсүшү, тышкы карыздарды башкаруу жана санариптештирүү аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров сөзүндө жаңы Кыргызстанды куруу жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык бийлик бутактары биримдикте иштеши керектигин баса белгиледи. Ал экономиканын өсүү темпи

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Экономика

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Күн мурун, 16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Экономика

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Экономика

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Экономика

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот.  ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз

Дүкөндөрдө  ширелер жана "шире эмес" суусундуктар өз-өзүнчө жайгаштырылат

Экономика

Дүкөндөрдө ширелер жана "шире эмес" суусундуктар өз-өзүнчө жайгаштырылат

МинКаб 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү жөнүндө" өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Долбоор сооданын айрым түрлөрү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Тактап айтканда, соода субъекттери табигый ширелерди жана шире камтыган суусундуктарды өзүнчө — ар башка витриналарда, текчелерде же атайын

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Экономика

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, демилге президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып, иш менен камсыздоону "ачыкка чыгарууга" жана экспортту колдоого багытталган. Ошондой эле