Энергетика
Ат-Башыда электр тармактарынын жаңы имараты ачылды
14-ноябрда, энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда иш сапар менен болуп, бир катар объектилердин абалы менен таанышып, айрымдарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында министр Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Өткөн жылы министрликтин тапшырмасы менен курулушу башталган имарат