Энергетикалык өнүгүү багытындагы эл аралык конкурста кыргызстандык сыйлыкка ээ болду

Энергетикалык өнүгүү багытындагы эл аралык конкурста кыргызстандык сыйлыкка ээ болду

Кыргыз Республикасынын өкүлү таза энергия, энергиянын натыйжалуулугу жана туруктуу энергетикалык өнүгүү жаатындагы санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган CECECO Clean Energy Hackathon 2026 эл аралык конкурсунда атайын сыйлыкка ээ болду.

Конкурстун алкагында 16 жаштан 35 жашка чейинки жаш адистерден жана студенттерден 200гө жакын долбоордук арыз кабыл алынган. Катышуучулар Азербайжан, Түркия, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынан болушкан. Сунушталган долбоорлор санариптик маалымдуулук, энергиянын натыйжалуулугу жана энергетикалык саясатты калыптандыруу үчүн аналитикалык инструменттерди иштеп чыгуу маселелерин камтыган.

Жеңүүчүлөрдү жана номинанттарды сыйлоо аземи 2026-жылдын 26-январында Азербайжандын Баку шаарындагы ADA университетинде өттү. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен негизделген Эл аралык таза энергия күнүнө карата уюштурулду.

"CECECO өлкөлөрү үчүн ачык энергиялык маалыматтардын санариптик платформасы — Energy Transparency Hub" аттуу долбоорду Алтынбек Бакасов, "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКсынын электр энергиясынын баланстары жана жоготуулары бөлүмүнүн башчысынын орун басары даярдаган. Бул долбоор конкурс уюштуруучулары тарабынан жогору бааланып, "Best Technical Solution" ("Мыкты техникалык чечим") атайын номинациясына татыды.

Алтынбек Бакасов аталган эл аралык конкурсунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынан сыйлык алган жалгыз өкүл болду.

Мындан тышкары окуңуз

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.