Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат

Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат

2026-жылы Манас шаарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоо максатында 110/10 кВ "Бакай" көмөк чордону курулат.  Жаңы объект калкты, социалдык объектилерди жана курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөрүн Энергетика министрлиги билдирди.

Ошондой эле эскирген 3 энергетикалык объект жаңыланат:

  • Кара-Көл РЭТинин имараты;
  • Аксы РЭТине караштуу Кербен УЭТинин имараты;
  • Токтогул РЭТине караштуу Үч-Терек УЭТинин имараты.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусу боюнча 5000 темир-бетон мамыча алмаштырылып, 270 чакырым аба чубалгысы заманбап СИП электр өткөргүчтөрүнө өткөрүлөт жана 50 даана жаңы трансформатор орнотулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган

Кара-Балтада 41,2 млн долларлык фармацевтикалык комплекс курулууда

Кыргызстан менен Өзбекстан картошка экспортун үзгүлтүксүз камсыздайт