Коом
VML_KG фирмасына алдангандардын саны 230га жетип, жалпы чыгым 20 млн сомдон ашты
Коомчулуктун көңүлүн бурган VML_KG компаниясынан жабыркагандардын жалпы чыгымы болжол менен 20 млн сомду түзөрүн, бирок реалдуу жоготуулар мындан да жогору болушу мүмкүн экенин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын подполковниги Чолпон Назаркулова прадио эфирде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандардан 230дан ашуун арыз түшкөн