Коом
Ысык-Көлдөгү 2-Восточный каналына бетон полотносу төшөлүп жатат
Ысык-Көл районундагы Чоң-Байсоорун суу бөлүмүндөгү 2-Восточный каналына бетон полотносу төшөлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл районунда жайгашкан Чоң-Байсоорун суу бөлүмүндөгү 2-Восточный каналы 1978-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 5,4 км болуп, эки айылдын 732 гектар сугат аянтын суу менен камсыздап