Коом

“Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Абшыр-Ата” турбазасынын 8183 чарчы метр жер тилкеси 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Мындай билдирүүнү Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалымдалгандай, көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 69,6 млн сом болгон “Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси кайрадан

Ф.Иминов: Санариптик сабаттуулук боюнча кыргызча платформа сунушталат

Ф.Иминов: Санариптик сабаттуулук боюнча кыргызча платформа сунушталат

КРнын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси Фархат Иминов, өлкөдө санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аракети жолго салынып жаткандыгын бүгүн аталган кеңешменин отурумунда билдирди. Анын аытымында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу Binance компаниясынын колдоосунун алдында жүрүп жатат. “Binance академиясы тарабынан иштелип

Бишкекте Россия жана Кыргызстан аялдарынын экономикалык форум-диалогу өтүп жатат

Экономика

Бишкекте Россия жана Кыргызстан аялдарынын экономикалык форум-диалогу өтүп жатат

Бишкек шаарында “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүк: Россия жана Кыргызстан аялдарынын форум-диалогу” өтүп жатат. Форумдун негизги максаты – эки өлкөнүн аялдарынын экономика, илим, бизнес жана социалдык тармактардагы салымын анализдеп, алардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо. Иш-чарага Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов, Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева,

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары бирдей корголот

Коом

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары бирдей корголот

Чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары Кыргызстан жарандарыныкы менен бирдей деңгээлде корголгонун “Биринчи радио” эфиринде Эмгек мыйзамын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын өзүнчө категориядагы жумушчулардын эмгек маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Азизбек Алиханов билдирди. Анын айтымында, Конституция жумушчуларды чет өлкөлүк, кыргызстандык деп бөлбөйт.  “Эгер адам өндүрүштө каза болсо анын туугандарын, жакындарын издейбиз. А

Жалал-Абадда толук циклдүү индустриалдык балык чарбасы курулуп жатат

Коом

Жалал-Абадда толук циклдүү индустриалдык балык чарбасы курулуп жатат

«Салих жана Ко» ЖЧКсы 11,8 миллион доллар инвестиция менен толук циклдүү индустриалдык балык кластерин түзүү боюнча долбоор баштады. Ага ылайык, Күрпсай суу сактагычында торлордо форель өстүрүлүп, Күмүш-Азиз айылында осетр чарбасы жана шоктук тоңдуруу линиялары менен балык кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор жылына

«Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясы болду

«Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясы болду

Бүгүн, 23-октябрда, Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата КРнын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты. Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана КРнын Президентинин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара

Үгүт эрежелерин бузган талапкерлерге, ЖМК өкүлдөрүнө айып пул салынат

Үгүт эрежелерин бузган талапкерлерге, ЖМК өкүлдөрүнө айып пул салынат

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын социалдык баракчаларындагы, айрым жеке жарандардын жарыялоолору жана билдирүүлөрү боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу Боршайком кийинки чечимдерди кабыл алды.  1. №14 шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиевге КР

Чүйдө 21 миң тоннадан ашык кант кызылчасы жыйналды

Коом

Чүйдө 21 миң тоннадан ашык кант кызылчасы жыйналды

Чүй районунда быйыл 1 559 гектар жерге кант кызылчасы себилген. Учурда аймакта кызылча жыйноо иштери кызуу жүрүп, бүгүнкү күнгө карата 600 гектардан 21 600 тонна түшүм алынганы белгилүү болду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 360 центнерди түзүүдө. Фермерлер жана айыл чарба кызматтары түшүмдү сапаттуу жана жоготуусуз

Финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер башталды

Финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер башталды

2025-жылдын 21-октябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен кызматташуунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги колдоосу менен аймактарда финансылык сабаттуулук боюнча бир күндүк семинарлар башталды. Алгачкы эки семинар Талас областынын Талас шаарында Талас Агрардык экономикалык колледжинин жана Талас медициналык колледжинин окуучулары үчүн өткөрүлдү.  Семинарлардын

9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды

9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды

Статистика боюнча быйылкы жылдын башынан бери 9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылдын 9 айында 2284 учур катталып, өрттүн саны салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Адам өлүмү боюнча айтсак, ушул акыркы окуяда каза болгондор менен чогуу 40 адамдын өмүрүн алды, алардын 12си жаш балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыш мезгили

Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

2025-жыл ичинде эки ишкана — “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” биргелешип 60 мин тоннага жакын кумшекер өндүрүүнү пландаштырууда. Бул өлкөнүн ички керектөөсүнүн болжол менен 60% камсыздап, жылына 120-150 миң тоннага бааланат. Бирок, тартыштык болот деген кооптонууга эч кандай негиз жок: мурунку жылдын рекорддук жыйынтыгы жана импорттук кубаттуулук туруктуу камсыздоого кепилдик

Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулуш убактылуу токтотулду

Коом

Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулуш убактылуу токтотулду

Кечээ, 22-октябрда Бишкектеги Симферопольский 8 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы тууралуу видео кайрылуу түшүп, Курулуш министрилигинин архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан толук текшерүү жүргүзүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык, “Нур Имарат Курулуш” ЖЧКсынын курулушунда үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралбаганы жана эмгек коопсуздугу талаптары менен Кыргызстандын курулуш ченемдери