Коом
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аймакка жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалитети билдирди. Маалыматка ылайык, жакында шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүзүп, аймактын абалы жана аны өнүктүрүү боюнча иштер менен жеринде таанышты. Рейддин жүрүшүндө калаа