Коом
Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди
Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти "Бишкек шаардык транспорт" ишканасына караштуу автобустардын эртең мененки каттамдарга чыгар алдындагы техникалык жана санитардык абалын текшерди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүдө айрым автобустардын техникалык мүчүлүштүктөрү аныкталып, линияга чыгууга тыюу салынды. Тышкы көрүнүшү жана тазалыгы талапка жооп бербеген