Коом

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Коом

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу

Айгерим Качкынбекова
"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

Коом

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо&

Айгерим Качкынбекова
Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Коом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Коом

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан

Айгерим Качкынбекова
Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Коом

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун

Айгерим Качкынбекова
Жогорку Кеңеш Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Коом

Жогорку Кеңеш Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев талапкер тууралуу

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте мыйзамсыз иштеген реабилитациялык борборлор жабылды

Коом

Бишкекте мыйзамсыз иштеген реабилитациялык борборлор жабылды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Текшерүүдө борборлордун кызматкерлери бейтаптарды электрошокер менен кыйнап, байлап, обочолоп, физикалык жана психологиялык басым көрсөтүп келишкени аныкталды. Ошондой эле бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү психотроптук препараттар табылды. Соттун чечими

Айгерим Качкынбекова
Кочкордо 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом

Кочкордо 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүдө 2012-жылы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конушта жайгашкан жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды. Райондук прокуратура тарабынан

Айгерим Качкынбекова
Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Коом

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка

Айгерим Качкынбекова
Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Коом

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Астана шаарындагы субрегионалдык кеңсесинде өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарада аймактагы эпизоотиялык абал, өзгөчө кооптуу

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте мессенджер аркылуу 1 млн сомдой акча алдаган шектүүлөр кармалды

Коом

Бишкекте мессенджер аркылуу 1 млн сомдой акча алдаган шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгы мессенджерлерди колдонуп уюштурулган алдамчылык схемасын токтотконун билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-сентябрында белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышып, жабырлануучудан 988 миң сом өлчөмүндө акча алдап алышкан. Иш Биринчи Май райондук ИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза

Айгерим Качкынбекова