Кочкордо 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Кочкордо 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Кочкор районунда 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүдө 2012-жылы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конушта жайгашкан жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган