Коом
Бишкекте жол тыгындары азаябы? Мэриянын жаңы пландары
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен борбор калаадагы маанилүү инфраструктуралык объекттерди жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Манас проспектинин бир бөлүгүн реконструкциялоо пландалууда. Долбоордо жол түйүнүн куруу, Медеров көчөсүн Ала-Арча суусунун жээги менен улантуу жана Табалдиев көчөсүн ачуу каралган. Иштер 2026-жылдын жаз айларына белгиленип,