Кыймылсыз мүлк
Кыргызстанда ДНК-лабораториялары бар соттук-медициналык экспертиза борбору курулат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук‑медициналык экспертиза борборуна барды МинКаб басма сөз кызматы билдирди. Ал мекеменин кызматкерлеринин иш шарттары, лабораторияларынын абалы жана инфраструктурасы менен таанышты. Касымалиевдин айтымында, имарат моралдык жана техникалык жактан эскирген, көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес жана учурда канааттандырарлык эмес абалда турат.