Транспорт
Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, быйыл жарандар мамлекеттик автомектептерде окуп башташат. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В категориясы үчүн