"Манас" аэропортуна кирүүчү жаңы айланма жол курулат

"Манас" аэропортуна кирүүчү жаңы айланма жол курулат

"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы кирүүчү автожолду куруу пландалып жатат. Ал аэробекеттик комплексине ыңгайлуу жана тартиптүү жетүүнү камсыздап, жол акы төлөөнүн автоматташтырылган системасын киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу маселеси "Кыргызстан Аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ортосундагы жумушчу жолугушууда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу жүрүшүн, ошондой эле аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карашты.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу болжол менен 1,6 чакырымды түзөт. Жаңы трасса Бишкек — "Манас" аэропорту магистралдык жолуна параллель өтөт.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, Мраморное айылы тарапка бурулуш жеринде жаңы жолго ыңгайлуу кирүү үчүн айланма жол уюштурулат. Кирүүчү бөлүгү эки тилке менен башталып, автоматтык төлөм шлагбаумдары жайгашкан аймакта сегиз тилкеге чейин кеңейет, андан соң кайра эки тилкеге кыскарып, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайга чейин уланат.

Чыгуу жолу унаа токтотуучу жайдан башталат. Ал да эки тилкелүү болуп, төлөм аймагына жеткенде алты тилкеге чейин кеңейет. Андан кийин транспорт агымы айланма жол аркылуу шаар тарапка багытталат.

Кирүүчү жана чыгуучу жолдордун ортосунда жашылдандыруу каралган. Долбоордун максаты — заманбап транспорттук инфраструктура түзүү, өткөрүмдүүлүктү жогорулатуу, тыгындарды азайтуу жана жол акы төлөөнүн эффективдүү системасын киргизүү.

Учурдагы жол "Манас-2" аэробекеттик комплексине жетүү үчүн, ошондой эле расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media
Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү. Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү

Ишкер Media
Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media