Транспорт

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт

Бишкекте 7 миң ар кандай мамылар демонтаждалат

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 2026-жылы Бишкек шаарында 7 миңге чейин ар кандай мамыларды  демонтаждоону пландап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Буга чейин депутат Эмир Марлисбеков 2026-жылга карата бюджет долбоорунда каралган

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

Транспорт

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын ичинде: * коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом, * борбор

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Транспорт

Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун 31-январдагы жарлыгы менен Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин "Азаттык" жазды. Тагыраак айтканда, техникалык кароо аталган башкармалыктын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна карайт. Мамлекет башчысы бул чечимди өлкөдө транспорттук каражаттардын

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт

Экономика

Кыргызстан 2030-жылга чейин транспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында транспорт жана логистика тармагында өлкөнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплекси каралганын "Кыргыз Экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында

Россияда 2026-жылы бензин кымбатташы мүмкүн

Экономика

Россияда 2026-жылы бензин кымбатташы мүмкүн

2026-жылы Россияда бензиндин баасы бир нече факторлордун таасири алдында өзгөрүшү мүмкүн экенин Prufy.ru сайты жазды. Алардын катарына салык жүгү, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун (МКЗ) иши жана тышкы рыноктогу абал кирет. Февраль айынын башында күйүүчү майдын дүң баасы 1,5%дан ашык төмөндөгөн. Базар бийликтин мунай продуктыларын экспорттоого карата

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөр эмнеге узарды?

Транспорт

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөр эмнеге узарды?

ЕАЭБ расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратты. Анда казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргени жазылган. “Текшерүү улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн токтотууга багытталган. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык

Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Транспорт

Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларга QR-код аркылуу төлөө орнотулат

Бишкек шаарында 3 миң 221 унаа токтотуучу орун (машино-орун) бар экенин "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында "Шаардык жол-транспорттук инфраструктура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакай Асылбек уулу билдирди. Буга чейин шаардык кеңештин депутаты Элнура Дүйшекеева борбор калаада канча муниципалдык унаа токтотуучу жай

Бишкектеги автобус айдоочуларынын орточо маянасы 56,7 миң сом

Транспорт

Бишкектеги автобус айдоочуларынын орточо маянасы 56,7 миң сом

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмир Марлисбеков 3-февралда "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында автобустун айдоочуларынын учурдагы айлык акысынын деңгээли жана аны эсептөө тартиби тууралуу суроо узатты. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров автобустун айдоочуларынын айлык акысы KPI көрсөткүчтөрүнүн негизинде төлөнөрүн билдирди. Анын

Жеке автоунаа мектебинин директору 70 объектини менчиктештирип алган

Транспорт

Жеке автоунаа мектебинин директору 70 объектини менчиктештирип алган

Жеке автоунаа мектептеринин биринин директору мыйзамсыз түрдө 70ке жакын окуу объектисин менчиктештирип алганын Президент Садыр Жапаров  жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул объекттердин бир бөлүгү жеке адамдарга өткөрүлүп берилсе, болжол менен 40ка жакыны жеке пайда табуу максатында пайдаланылган.

С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

Саясат

С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик "Унаа" борборуна барып, жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Мамлекет башчысы

Автомектептердеги окуулар жумасына бир нече жолу болот

Транспорт

Автомектептердеги окуулар жумасына бир нече жолу болот

Кыргызстанда автоунаа мектептериндеги окуу процесси жумасына бир нече жолу, анын ичинде онлайн форматты колдонуу менен өткөрүлөрүн Президент Садыр Жапаров 3-февралда "Унаа" борборунда жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Президенттин айтымында, мындай ыкма окууну күнүмдүк жумуш же башка иш-аракеттер менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

Транспорт

АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде АКШнын All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын февраль айында келишимине кол коюлган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы "Макмал – Каракол темир жолун куруу" долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын