Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты.
"Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак жана Airbus A321үлгүсүндөгү эки учак менен толуктоо пландалууда. Ички аэропорттук инфраструктураны модернизациялоого 8 млрд 400 млн сом багытталды", — деди Эрлист Акунбеков.
Ал ошондой эле учурда 11 аэропорт сертификатталып, штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.