JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда 30дан ашык долбоор ишке ашты

JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда 30дан ашык долбоор ишке ашты

14-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен JICA ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Т.Солтобаев Кыргызстандын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA уюмуна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, JICAнын колдоосу менен өлкөдө жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул долбоорлор жолдордун абалын жакшыртууга, автоунаа каттамдарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга олуттуу салым кошту.

Ошондой эле, министр өлкө аймагынан өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду жакшыртуу жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн коопсуз, үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 
Мындан тышкары, стихиялык кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана алардан коргонуу стратегиясына жооп берген бир катар долбоордук сунуштар JICAга жөнөтүлгөнүн айтып, аларды оң кароону өтүндү.

Өз кезегинде JICAнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен түзүлгөн тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media