Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.

Азыркы тапта жумуштардын эң татаал бөлүгү деп эсептелген 7 чакырымдык тилкеде жер кыртышын даярдоо иштери аткарылууда.

Курулушту подрядчы компания жүргүзүп, техникалык талаптар жана жол курулушунун сапаты министрликтин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды