Таласка 30 жаңы электробус алып келүү пландалууда

Таласка 30 жаңы электробус алып келүү пландалууда

Жакынкы күндөрү Талас облусу үчүн 30 заманбап электробус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып, Талас шаарынын жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыздоого багытталган.

Маалыматка ылайык, “Yutong” компаниясынын электробустарын сатып алуу үчүн 180 миллион сом каражат бөлүнгөн. Коомдук транспорт лизинг жолу менен алынат.

Белгиленгендей, электробустар толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Делегация “Yutong” компаниясынын электробустарын тест-драйвдан өткөрүп, алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, сапаты жана ыңгайлуулугу менен таанышкан.

“Электробустардын заманбап шарттары, кубаттуулугу жана ыңгайлуулугу бизге абдан жакты”, — деп жазган Эрмат Жумаев.

Ал ошондой эле тиешелүү келишим жакынкы күндөрү түзүлөрүн, ал эми эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилерин белгиледи.

Жаңы электробустар өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата элге салтанаттуу түрдө тапшырылары айтылды.

Долбоор Талас облусунда коомдук транспорт системасын өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин                   345-беренесинин (Пара

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 17-19-август күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Болот Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны расмий ачууга даярдык