Бишкек – Балыкчы каттамы боюнча  поезд жүрө баштайт

Бишкек – Балыкчы каттамы боюнча  поезд жүрө баштайт

5-июндан тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Каттамдын графиги:
5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын.

Белгиленгендей, поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү