Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулууда

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Кубакынын бурулушуна жол чырак орнотулууда

Транспорт министри Талантбек Солтобаев берген тапшырманын негизинде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Кубакынын бурулушуна жаңы жол чырак орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жол чырак тесттик режимде иштеп жатат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана мүмкүн болгон жол кырсыктарынын алдын алуу.

Кубакынын бурулушу өлкөдөгү маанилүү транспорттук түйүндөрдүн бири болуп саналат. Бишкек шаарынан бара жаткан багытта бул жерден жол эки тарапка бөлүнүп, бир багыты Ысык-Көл облусуна, экинчи багыты Нарын облусуна кетет. Унаа агымынын көптүгүн эске алуу менен жол чырактын орнотулушу кыймылды жөнгө салып, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, жаңы жол чырак 2026-жылдын 21-майынан тарта толук кандуу иштеп баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media