Кыргызстан менен Франция темир жол тармагындагы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Франция темир жол тармагындагы кызматташууну күчөтөт

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Фай жана "Alstom" француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Казакстандагы Франция Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Людовик Леа, "Alstom" компаниясынын Борбор Азия боюнча директору Жером Буайе жана элчиликтин өкүлдөрү катышты.

Тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулап, өзгөчө темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Анда Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен темир жол байланыштарын жакшыртуу, ошондой эле ички темир жол тармагын модернизациялоо маселелери каралды.

Француз делегациясы Кыргызстандагы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, транспорт, каржы жана темир жол тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт жана инфраструктура тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү