Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди

Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди

Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда аталган тилкеде абал кооптуу бойдон калууда. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды.

Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Учурда көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жолдун абалы жана киргизилген чектөөлөр боюнча кошумча маалымат берилери маалымдалды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген